super.kg logo

Бүгүн "Карек" аттуу алгачкы республикалык балдар кинофестивалы башталды

 

Бүгүн, 14-ноябрда "Карек" аттуу алгачкы республикалык балдар кинофестивалы башталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган фестивалдын жетекчиси Толкун Дайырбекова билдирди.

"Бүгүн "Карек" балдар кинофестивалы старт алды. Өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген катышуучулар алгач "Айтыш фильм" киностудиясында болушуп, монтаж, үн коштоо жана оператордук чеберчилик боюнча мастер-класстарга күбө болушту. Фестивалдын расмий ачылышы "Кыргыз киносу" кинотеатрында болот. Ал эми эртең, 15-ноябрда фестиваль жыйынтыкталып, сыйлыктар жеңүүчүлөргө тапшырылат", - дейт Т.Дайырбекова.

Белгилей кетсек, фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш балдар, өспүрүмдөр катышкан. Максаты - тасма чөйрөсүндөгү болочок адискөй чеберлерди эртелеп аныктап, аларга туура багыт берүү. Сынакка жалпы 87 эмгек келип түшкөн. Тандоо комиссиясы Кинематографисттер союзу менен биргеликте келип түшкөн эмгектердин арасынан сынактык программага 23 тасманы алган: 4 анимациялык, 6 даректүү жана 13 сюжеттүү тасма.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: