ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 1963-жылы “Dolce & Gabbana” брендинин негиздөөчүлөрүнүн бири Стефано Габбана туулган
Италиялык модельер, “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стефано Габбана 1963-жылы 14-ноябрда Италиянын Милан шаарында төрөлгөн. Атасы Миландагы бай стилисттердин бири болгондуктан, Стефано бала чагында эле моданы кууп кийинген. Кичинекей кезинде С.Габанна сүрөт тартуу өнөрүнө кызыгып, Италиядагы Көркөм колледждин графика жана дизайн бөлүмүнө тапшырган. Ал окуп жатканда эле сүрөтчү болуп иштеп акча тапчу. Колледжди аяктаган соң Стефано креативдүү директор адистигине ээ болгон.
1982-жылы дизайнер Доменико Дольче менен Милан шаарында таанышат. Ал учурда экөө тең кийим тигүүчү ательелердин биринде дизайнердин жардамчысы болуп иштечү. Экөөнүн модага болгон көз караштары төп келип, биргеликте иштешүүнү чечишкен. Алсак, эки дизайнер тең “барокко” стилин жакшы көрүп, 60-жылдардагы Италия киносунун сүйүүчүлөрү болушкан. Стефано Габбана жана Доменико Дольче 1985-жылы айымдар, 1987-жылы эркектер үчүн даярдалган биринчи кийимдер топтомдорун тартуулашкан.

14-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
akil.91

14.11.2016. 13:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар жонундо анча жагымдуу эмес маалыматтар уккан элем.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.