super.kg logo

Кытайда өтүп жаткан Кыргыз маданиятынын күндөрүндө таланттарыбыз кытай элин таң калтырышууда

 
Кыргыз делегациясы
Улуу Кытай сепили
Нурсултан Майназаров менен чогуу кечени алып барган Лии Шии Янг 10 жылдан бери аскерде кызмат кылат.
Кыргыз делегациясы Улуу Кытай сепилинде

Кытайда Кыргыз өлкөсүнүн Маданият күндөрү кызуу өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге кыргыз делегациясы менен барган алып баруучу Нурсултан Майназаров билдирди.

"Кытайдын борбор калаасы Пекин шаарындагы Чоң балет театрында Кыргыз маданиятынын күндөрүнүн ачылыш аземи болду. Кытай Элдик Республикасынын Маданият министринин орун басары Динг Вей мырзанын куттуктоо сөзү өзгөчө болду. Ал байыркы тарыхыбызда кытай-кыргыз эли тыгыз байланышта болгонун, кытай эли дүйнөгө белгилүү "Манас" эпосун жакшы билерин, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанышарын билдирди. Ошондой эле кытайлардын биздин Айтматовдой белгилүү жазуучусу бар экенин, ал кыргыз өлкөсүндөгү Суяб деген жерде төрөлгөнүн да айтып өттү.

Бул жактагы кыргыз делегациясынын катарында "Камбаркан" тобу, "Ак марал" бий ансамбли, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, дирижёр Рысбек Жумакунов, комузчу Самара Токтакунова, опера ырчылары, манасчы Замир Баялинов, концерттик программаны жетектеген Эрмек Муканбетов, кыргыздын ийилчээк кызы Аида Акматова жана башкалар бар. Саламат Садыкова популярдуу кытай ырын ырдап, кытай көрүүчүлөрүн таң калтырды. Кызыгы, мени менен чогуу маданий кечени алып барган Лии Шии Янг 10 жылдан бери армияда кызматта экен", - дейт
Н.Майназаров.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда башталган маданий иш-чара Пекин, Гуанчжоу шаарларында 17-ноябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
14.11.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар ийгилик
15.11.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайда баардык жак жапжашыл кебирлери этчен журотго ошончо ыссык бекен? Майназаровда кытайларга окшоп калат экен. Эгер аны тааныбасам кытай деп ойломокмун)
17.11.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик! ийгилик! ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: