Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу велосипед тээп бараткан жаранды сүзүп качып кеткен.
“Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде 1985-жылы туулган И.О. аттуу айдоочу жана ичиндеги 1985-жылы туулган Т.С. аттуу жүргүнчү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал эми унаа айып жайга токтотулду”, - деп билдиришти Патрулдук милиция башкармалыгынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rifle_I

14.11.2016. 19:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) велосипед тепкен киши, кадимки эле машина айдаган айдоочу менен бирдей эреже сактайт. Велосипедистти көзгө илбеген айдоочуларга , ПДДны кайра окуп чыгууну сунуштайм.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.