ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 1854-жылы Кара деңизде катуу бороон болуп, 30дан ашуун кеме жок болгон
1854-жылы 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү Кара деңизде нөшөрлөгөн катуу жамгыр жаап, карга айланып, суук шамал жүргөн. 14-ноябрда таңга маал деңизде күчтүү бороон башталып, жыйынтыгында 30дан ашуун кеме кыйрап, 40тан ашыгы чоң зыян тарткан. Табигый кырсык болгон күндөн 1 жума өткөндөн кийин деле курман болгон адамдардын денелери деңиз үстүндө калкып, ал эми деңиз жээктерине кемелердин сыныктарынын калдыктары агып келген. Кемелер Англиянын жана Франциянын армиясына тиешелүү болгон. Кырсыктан соң Франциянын императору Наполеон III өлкөдөгү башкы астроном Урбен Леверьеге аба ырайын божомолдоочу кызматты ачууга буйрук берген.
14-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.