super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Таене" клибинде актёр жигит бетине торт келип тиерин билген эмес" дейт Темир Дамирбеков

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү Нияз Абдыразаков менен Темир Дамирбековдун "Таене" ырынын клиби кызуу талкууланып, "Таене" деген клипте таененин өзү көрүнбөйт го" деген сөздөр айтылган. Андыктан ырчы Темир Дамирбековго клиптин идеясы, кантип тартылганы жөнүндө билүү үчүн суроо салдык.

"Клипти үч күн даярданып, бир күндө тартып бүткөнбүз. Алгач таененин образын жараткан энени кошууну пландаганбыз, бирок түнкү саат 3тө тартылгандыктан, кошкон жокпуз. Тапсак деле болмок, бирок түн бир оокумда эч ким тартылбайт болчу. Ооба, клипке карата түрдүү сын-пикирлер айтылды. Бизде ырдын маанисине жараша клип тартылышы керек деген түшүнүк калыптанып калган. Өнүккөн өлкөлөрдө ырдын мааниси башка, клиптин сюжети башкача болуп калган клиптер тартыла берет. Биз да жаштарга ылайыктап, трек клип тартып койдук.

Тартуу учурунда көп эле кызыктар болду. Алсак, бир жигиттин бетине тортту кокусунан бир урган жери бар эмеспи, андай болорун ал өзү да билчү эмес. Режиссёр, мен, Нияз Абдыразаков үчөөбүз гана билчүбүз. Анан бетине торт келип тийгенде, тиги да актёр эмеспи, ачууланганын билдирбей күлүп ойноп кеткен", - дейт Т.Дамирбеков.

Темир Дамирбеков, Нияз Абдыразаков ырдаган "Таене" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
16.11.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыр менен клип в вообще дал келбептир кыскасы жакпады. тушунуксуз корбой эле очурдум
17.11.2016. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыр менен клиптин мааниси окшошпосо боло берет дегени кызык экен. Башка өлкөнүн жакшы жагын алып үйрөнсөк болот эле. Боло берет дегенди таштап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: