super.kg logo
  Саясат  

Өспүрүмдөрдү спорттук иш-чараларга ата-энелеринин уруксаты менен гана катыштыруу сунушталууда

 

18 жашка чейинки жаштарды маданий жана спорттук иш-чараларга ата-энелеринин уруксаты менен гана катыштыруу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 14-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде үчүнчү окууда каралды.

"Жаш балдардын маданий жана спорттук иш-чараларга катышуусу билим берүү уюмдарынын жана балдардын ата-энелеринин уруксаты менен ишке ашырылат. Аткарылып жаткан иш балдардын ден соолугуна, адебине жана окуусуна эч кандай залакасын тийгизбегидей болуш керек. Ошондой эле маданияттын мамлекеттик уюмдарынын пенсия курагындагы кызматкерлери менен дагы тиешелүү эмгек келишими түзүлүшү керек", - деп белгиленүүдө документте.

Демилге парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: