Аламүдүн районунда унаасы менен сууга түшүп кеткен айдоочу каза болду
Аламүдүн районунда унаасы менен сууга түшүп кеткен айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ГЭС-5 айылындагы Энергетиктер дачасындагы көлмөгө Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа түшүп, чөгүп кеткен. Саат 04:55те унааны Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте суудан чыгарышкан. Унаанын ичинен 1992-жылы туулган Лейлек районунун тургунунун жансыз денеси табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.