super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Кумтөр" боюнча башталган иштин аягына чыгайын деп сыртта жүрөм"

 

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров "Кумтөр" боюнча баштаган ишинин аягына чыгарын айтты. Экс-депутат өлкөгө качан кайтып келерин 14-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Иштин аягына чыгайын деген максатта сыртта жүрөм. "Центерра", "Сиабеко", "Камеко" компанияларын Кыргыз мамлекетине коррупциялык зыян алып келгендиктери боюнча эл аралык сотко берүү үчүн кагаз иштерин бүтүрүп алып өлкөгө биротоло барам. "Учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа" дегендей, баштаган ишимди аягына чыгарам", - дейт Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2012-жылы "Кумтөр" кенин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектеп, жыйынтыгында комиссия бир катар чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгарган. Бирок парламентте комиссия жетекчиси Садыр Жапаровдун долбоору өтпөй калып, анын ордуна "Кумтөрдү" иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүү чечими кабыл алынган. Токтомго ылайык, өкмөткө мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Ал комиссия "Кумтөрдөгү" экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндардын өлчөмүн иликтөөгө, "Кумтөр" келишимин карап чыгууга милдеттендирилген. Ал эми Жапаров өз долбоорунда "Кумтөр" кыргыз элинин кызыкчылыгына иштеши керектигин белгилеп, "Кумтөр" боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаган болчу. "Кумтөр" маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Жакында парламент депутаттары өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдон "Кумтөр" маселеси качан чечилерин сурашты эле, так жооп айта алган жок. "Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деген гана жооп узатты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: