super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-НОЯБРЬ: 1996-жылы Дагестанда террордук акт жасалып, 68 адам каза болгон

 

1996-жылы 15-ноябрда Дагестандын Каспийск шаарында орусиялык чек ара кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү жашаган үй жарылып, 68 адам (анын ичинде 20 бала) каза болгон. Аталган үйдөгү 41 батирде жалпы 95 адам жашаган. Бул окуя боюнча Кавказ чек ара округунун прокуратурасы "терроризм" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, "террордук акт 2 себеп менен жасалган" деген жыйынтыкка келген. Биринчиси - жардырууну "чечен изи" жасаган, экинчиси - аткезчилер чек арадан курал-жарак, баңгизат жана кара икраны алып өтүүгө аракет кылып, чек ара кызматкерлери менен келишпей калгандыктан, үйлөрүн жардырып жиберишкен.

1996-жылдан тарта 15-16-ноябрь күндөрү жардыруунун курмандыктарын эскерүү максатында алардын мүрзөлөрүнүн үстүндө шамдар жагылып, Чек ара башкармалыгында аза күтүү иш-чаралары өткөрүлөт.

15-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: