"Кумтөр" компаниясынын инженердик-геологиялык бөлүмү Бишкектеги №71-мектеп-интернаты менен карылар үйүнө жардам берди
"Кумтөр" компаниясындагы инженердик-геологиялык бөлүмдүн жамааты №71-мектеп-интернатына материалдык жардам көрсөттү. Бөлүмдүн кызматкерлери акча чогултуп, ал каражатка төрт кесипкөй чач-тарач жабдык топтому менен 25 чарчы метр күрөш матын сатып алып, жеткирип беришти. Мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев "кумтөрчүлөргө" берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Эми мектеп-интернаттын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат менен кошо чачтарач адистиги боюнча да сертификат алууга шарты бар. Учурда бул окуу жай 7 жаштан 16 жашка чейинки 200 жетим бала үчүн үй.
Андан сырткары "Кумтөрдүн" инженердик-геологиялык бөлүм жамааты "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фонду менен биргеликте борбор калаадагы карылар үйүнүн тургундары үчүн майрамдык чай уюштуруп берди. Иш-чара чакан концерт жана белек тапшыруу менен коштолду.
кошулду

Ошентип карылардын батасын алып, жетимдердин конулун которгон да чон сооп иш.
Көралбастардын көзүнө көр топурак!