super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 16-НОЯБРЬ: 1977-жылы IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Санжар Кадыралиев туулган

 

“Ак жол” партиясынан IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Санжар Кадыралиев тирүү болгондо бүгүн 39 жашка чыкмак. Ал Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин экономика факультетин аяктап, 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн. 2002-2006-жылдары КР Панкратион федерациясынын вице-президенти болуп турган. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2009-жылы 14-апрелде Бишкекте өз үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн.

Окуя болгон соң 4 жылдан кийин С.Кадыралиевдин өлүмү боюнча соттун өкүмү чыккан. 2013-жылы февраль айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту адам өлтүрүүнү аткарган деп табылган Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратып, ошол эле кезде мына ушул тергөө эпизоду боюнча кылмышты уюштуруучу деп саналган Мурас Маташовду актаган.

16-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: