super.kg logo

Брэд Питт кайрадан эл алдына чыгып, Кытайда жаңы тасмасын тартуулады

 
Брэд Питт кытайлык күйөрмандары менен
Брэд Питт Шанхайда
Брэд Питт Лос-Анжелес шаарында "Союздаштар" тасмасынын бет ачарында

Ушул жылдын сентябрь айында белгилүү жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жолинин ажырашып жаткандыгы тууралуу маалымат чыккандан бери актёр-актриса коомчулуктун көзүнөн оолак болуп, түрдүү иш-чараларга катышуудан баш тартып келишкен эле. Брэд Питт жеке жашоосуна байланыштуу өзү тартылган тасмалардын бет ачарына катышпай тургандыгын да билдирген. Бирок актёр 14-ноябрда Кытай өлкөсүндө "Союздаштар" жаңы тасмасын көрсөтүү учурунда кайрадан эл алдына чыкты. Шанхай шаарына актёр тасмадагы өнөктөшү Марион Котийярсыз жалгыз келген. Актриса учурда кош бойлуу болуп, узак мөөнөткө учакта жүрүүдөн кыйналганы үчүн келбей калганы айтылууда.

Брэд Питт кызыл килем үстүнө чыгып, ар бир күйөрманы менен сүрөткө түшүүгө гана жетишпестен, тасма тууралуу маалымат жыйынга да катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берген. Буга чейин айтылгандай, суроолор жумуш, тасма тууралуу гана болгон.

Белгилей кетсек, Брэд Питт Жоли менен ажырашып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган соң алгачкы ирет эл алдына 10-ноябрда Лос-Анжелес шаарында "Союздаштар" тасмасынын бет ачарында чыккан. Түрдүү текшерүүлөр, ажырашуу процесси, стресс актёрду бир топ арыктатып жибергенин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: