super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-НОЯБРЬ: Советтик жана орусиялык ырчы Александр Малинин 58 жашка толду

 

Советтик жана орусиялык ырчы, Орусиянын жана Украинанын Эл артисти Александр Малинин 1958-жылы 16-ноябрда Орусиянын Свердловск шаарында темир жол жумушчуларынын үй-бүлөсүндө туулган. Ырчынын чыгармачылык жолу 1976-жылы Свердлов филармониясынын алдындагы студияда башталган. Кийинчерээк Урал аскердик округунун хорунун солисти болуп иштеп, "Гитаралар ырдайт" ("Поют гитары") вокалдык-инструменталдык ансамбли менен иштешкен. Ал эми музыкалык билимди Ипполитов-Иванов мектебинен алган.

А.Малинин "Көгүлтүр гитаралар" ("Голубые гитары") ансамблинде ырдап жүрүп, 1983-жылы Стас Наминдин тобунда иштеп калат. 80-жылдардын аягында Америкага гастролдоп барып, Дейв Померанц менен бирге пластинка жаздырат. Андагы ырлардын бири америкалык "Биллборд" журналындагы хит ырлардын катарына кошулган. 1988-жылы "Юрмала-88" сынагында "Коррида", "Сүйүү жана ажырашуу "("Любовь и разлука"), "Абайла, эшиктер жабылып жатат" ("Осторожно, двери закрываются") ырларын ырдап баш байгени жеңип, эл оозуна алынган.

Ырчынын 20дан ашуун ыр жыйнагы бар. 1994-жылы "The World Music Awards" Эл аралык музыкалык сыйлыгына арзыган. Ошондой эле ал Лениндик комсомол сыйлыгынын лауреаты, Орусиянын жана Украинанын Эл артисти. Мындан тышкары ырчы Достук (Дружба) жана Ардак (Орден Почета) ордендери менен сыйланган.

16-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: