ИИМ: "Уюлдук телефон уурдады" деп шектелген өспүрүмдү кыйноо фактысы боюнча иш Ички коопсуздук кызматына жөнөтүлдү
"Уюлдук телефон уурдады" деп шектелген өспүрүмдү кыйноо фактысы боюнча иш ИИМдин Ички коопсуздук кызматына жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор өспүрүмдүн Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын билдирген.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери "уюлдук телефон уурдады" деп шектелген өспүрүмдү сабашып, күнөөсүн мойнуна алдыруу аракетин көрүшкөн. Ошондой эле аны бошотуу үчүн 100 доллар жана 10 миң сом сурашкан. Кийинки күнү жабырлануучуну ооруканадагылар кабыл албай коюшкан. Буга милиция кызматкерлеринин өспүрүмдү кабыл албоо суранычы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KurcAinura

17.11.2016. 10:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка оорукана жок бекен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.