Ак-Талаа районунда көмүр жүктөп келаткан унаанын айынан тыгын пайда болду
Ак-Талаа районунда көмүр жүктөп келаткан унаа жолду тороп, унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"16-ноябрда саат 21:30да Молдонун-Бели ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, Жумгал районуна караштуу "Кара-Кече" көмүр шахтасынан көмүр жүктөп келе жаткан жүк ташуучу тайгаланып, жолду тосуп калган. Натыйжада унаа тыгыны пайда болуп, ашуунун түндүк бетинде 8, түштүк бетинде 8 жүк ташуучу унаа өтө албай туруп калган. ӨКМнын Ак-Талаа райондук бөлүмүнөн жана Ак-Талаа райондук ИИБинен ыкчам топтор окуя болгон жерге барышып, тыгын жараткан унааны жолдон чыгарышып, 17-ноябрда саат 02:30да каттам жөнгө салынды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
maratik.0708

17.11.2016. 10:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жол кузотчулор эмнени карап турушат
Baatur7777

17.11.2016. 20:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай нерселер коп эле боло берет...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.