Кадамжай районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду
Кадамжай районунда айдоочу унаасы менен тосмону сүзүп, оор жаракаттардан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Халмион айылында Баткен-Ош унаа жолунун 202-чакырымында орун алган. Анда Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын 1995-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочусу жолдон чыгып кетип, тосмону сүзүп, кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми ичиндеги бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

эми суроом дайыма сайтка киргенде эле эн биринчи суук кабар окулат олтуруп кетти сойуп кетти куйуп кетти деп бул адамдын психологиясына катуу тийет экен даже чоочуп турасын дагы эмне болуп кетти деп ушул жанылыктарды озунчо бир болумго жуктосо болобу
Жакшы сунуш
Сиздин сунушунузду мен да колдоор элем!
Мен да чет жактамын, Суперинфону ачаарын менен эле суук кабар окуу чынында ынгайсыз.
Мен олум, жоготуу тууралуу элес албаган балалык чагымда,тагыраак айтканда 11 жашымда катуу стресске кабылгам. Бир куну тан эртен ойгонсом апам деле атам деле аз келгенсип кошуналарым да урпойушуп ыйлап-сыктап ашканада олтурушуптур. Корсо жакын коншубуз, этибар албасам да кийин абамдын ордун аябай жоктоп,олумдун эмне экенин билгем1!