Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты
Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ноокен районунда, Бишкек-Ош жолунун 527-чакырымында орун алган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Натыйжада Мерседес унаасынын 1992-жылы туулган О.Р. аттуу айдоочусу окуя катталган жерден каза болуп калган. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Куноо кимде экенин билбейсин.
Канчалаган жол кырсыктар болуп жатат, бирок бир да айдоочу конул бурбайбы деген ой келет.
Кээбирки шалаакы, окубай эле айдап жургон айдоочулардан улам кээбироолор жабыркап, кээде олум мн коштолгон окуялар болуп жатат.