super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: 2013-жылы Кеминдеги жол кырсыгынан 8 адам көз жумган

 


Мындан 3 жыл мурун, 17-ноябрда саат 16:30 чамасында ичинде 25 жүргүнчүсү бар Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен салондо 6 кишиси бар Хонда Аккорд үлгүсүндөгү жеңил унаа Бишкек-Торугарт жолунун 115-чакырымында кагылышкан. Жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 23 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Аталган кырсыктан Хонда Аккорд унаасындагы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү толугу менен мерт болушкан.

Кагылышуудан аталган унаа экиге бөлүнүп кеткен. Унааны Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну, бир үй-бүлөнүн жалгыз эркеги, 28 жаштагы Айдарбек Жумабеков башкарып келаткан. Унаада анын 7 айлык эгиз балдары, 24 жаштагы жубайы жана 23-24 жаштар чамасындагы эки бир тууган карындашы болгон. Ал эми кичи автобустун 36 жаштагы айдоочусу жана 3 жашар кыз ошол жерден жан берген.

17-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акырынраааааааак жургулочу урматуу айдоочулар!эмнеге укпайсынар айткан созду? Куболукту сатып алган туугандар 40чы скоростон ашпоонор керек!келесоолор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: