super.kg logo

Жок кылынган илбирс үчүн 500 миң сом, кумурсканын уюгун бузгандарга 2000 сом айып салынат (тизме)

 

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айып өлчөмдөрүн жарыялады.

Жаныбарлардын түрлөрүн (балыктардан башкасы) мыйзамсыз атуу, кармоо жана жок кылгандыгы үчүн айып салынат. Жаныбарлардын жашына, көлөмүнө, салмагына карабастан, ар бир баш (туяк, тери, 1 даана) үчүн жазанын өлчөмү (сом менен):

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендер:

  • Сүт эмүүчүлөр
  1. Илбирс - 500 000
  2. Күрөң аюу, бугу (марал), жейрен, кулжа (аркар) - 400 000
  3. Кундуз - 200 000
  4. Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн - 25 000
  5. Суусар, чаар күсөн (сасык күсөн) - 5000
  6. Мензбир сууру - 3000
  7. Түштүк кирпи, чүткөр (кармүштөк) - 2000
  8. Кадимки суу чычкан, кол канаттуулар (бухара жана кичи така тумшуктар, жазы кулак, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кош аяктар (кичине, секиргич жана Северцов) - 1000.

  • Канаттуулар
  1. Жылкычы чулдук - 2000
  2. Ак кунас - 10 000
  3. Кара кунас - 10 000
  4. Ителги - 80 000
  5. Кидик кара каз - 1000
  6. Бүркүт - 25 000
  7. Көк жору, балта жутар - 25 000
  8. Көк өрдөк - 25 000
  9. Ак төш көгүчкөн - 1000
  10. Көк көгүчкөн - 1000
  11. Улар - 14 000
  12. Ак кажыр (гималай, кумай) 25 000
  13. Таз кара - 25 000
  14. Тоодак - 25 000
  15. Жорго тоодак - 25 000
  16. Ак канаттуу тоңкулдак - 1000
  17. Чоң чаар тоңкулдак - 1000
  18. Каркыра - 4000
  19. Жыланчы куш - 25 000
  20. Ак кашык тумшук - 25 000
  21. Кадимки тарталтоок - 2000
  22. Ичке тумшук тоо чулдук - 25 000
  23. Шумкар - 100 000
  24. Чел ызгыты - 2000
  25. Узун (орто) тумшук кытай ала - 2000
  26. Ак куу - 5000
  27. Кубарган кулаалы - 6000
  28. Кара шакылдак - 25 000
  29. Узун куйрук чымынчы - 2000
  30. Мыкый үкү - 3000
  31. Кидик бүркүт - 6000
  32. Кара куш - 25 000
  33. Чүйлү сымал бүркүт - 25 000
  34. Суу бүркүт - 25 000
  35. Узун куйрук суу бүркүт - 25 000
  36. Тармал бир казан - 15 000
  37. Кызгылт бир казан - 15 000
  38. Чаар бүркүт - 25 000
  39. Талаа күйкөсү - 3000
  40. Бүлдүрүк - 5000
  41. Чыгыш бүлдүрүк, кара боор - 5000
  42. Ак баш өрдөк - 5000
  43. Кыл куйрук, бүлдүрүк кара - 5000
  44. Ылаачын - 70 000
  45. Орок тумшук чулдук - 3600
  46. Сары баштуу шумкар (талаа, шахин) - 70 000
  47. Балыкчы куш, бакачы - 25 000
  48. Журтчу, тарпчы - 10 000
  49. Безбелдек - 15 000
  50. Каракур - 6000
  51. Кара канаттуу ача чулдук - 1000
  52. Чүйлү - 3000
  53. Чоң үкү - 10 000
  54. Фламинго - 15 000
  55. Каракчы чардак - 1000
  56. Ак көз өрдөк - 2000

  • Амфибиялар жана сойлоочулар
  1. Боз эчки эмер - 4000
  2. Ренарддын боздон чаар жыланы - 4000
  3. Жашыл кур бака - 1000
  4. Сары жылан - 2000
  5. Такыр тоголок баш - 1000
  6. Кызыл колтук бака - 3000
  7. Турно чеке полоз - 4000
  8. Кадимки тартак сцинк - 3000
  9. Чыгыш кумчул моюнткуч - 3000
  10. Орто Азия таш бакасы - 2000

  • Муунак буттуулар
  1. Жок болуу коркунучу I категорияга киргизилгендер (Галатея көпөлөгү жана Кыргызобия мурунчаны) - 4000;
  2. Жок болуу коркунучу II категорияга киргизилгендер (Трихолатис реликт жөргөмүшү, тикен куйрук ийнелик, айман чегиртке, Фергана бүркөкчү, чоң бүркөкчү, Чичерин мурутчаны, Христоф сары көпөлөгү, Локсиас калдырканы, Алексанор желкиндүү калдырканы, Кузнецов бутак муруттуу таарыгыч, Полохрум сары аарысы жана кара курсактуу кул ээлөөчүү кумурска) - 1500;
  3. Жок болуу коркунучу III категорияга киргизилгендер (Мерцбахер калдырканы, дөө шер чымыны, арча мүйүз көчүгү жана Мазарис сары аарысы) - 1000.

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбегендер

  1. Кыргыз Республикасында аялуу локалдуу эндемика же кайталангыс реликт болуп саналган жаратылыш популяциясынын омурткасыздарынын түрлөрү (мисалы, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин III тиркемесиндеги түрлөр) - 1000
  2. Көл бакасы, Певцовдун кур бакасы, кескелдириктер (агамадан башкасы) - 500
  3. Жыландар (суу жыландан жана гюрзадан башкасы), агама кескелдириги - 1000
  4. Суу жылан - 500
  5. Гюрза - 2000
  6. Каман (доңуз) - 15 000
  7. Too эчки - 55 000
  8. Элик - 15 000
  9. Бөкөн - 20 000
  10. Европа жана Тянь-Шань кашкулагы - 2000
  11. Чөл түлкүсү, түлкү - 2000
  12. Камыш мышыгы - 5000
  13. Суусар, корумчу кызыл күзөн - 2500
  14. Ондатр, суур - 1500
  15. Сары чычкан - 500
  16. Ач күзөн, арс чычкан, арс (кара) куйрук, тыйын чычкан, коён, чоң жана түктүү кош аяктар - 1000
  17. Бардык түрдөгү сайроочу куштар, жарганаттар - 300
  18. Көгүчкөн, бактек, чулдук, суу канаттуусу, бөдөнө - 500
  19. Каз - 1600
  20. Каравай - 5000
  21. Чил - 1000
  22. Ак куу - 5000
  23. Үкү, жырткыч куштар - 2000
  24. Улар - 2000
  25. Бардык түрдөгү өрдөктөр, кашкалдак - 500
  26. Кыргоол - 1500
  27. Көк кытан, көл букалар - 600

Жаныбарлар байырлаган локалдуу чөйрөнү бузуп жана табигый популяцияга башка кыйыр зыян келтиргендерге да айып салынат.

Эреже бузуулардын түрлөрү боюнча салынган айып (сом менен):

  1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген омурткасыздардын, амфибиялардын жана рептилиялардын түрлөрү байырлаган локалдуу чөйрөнү бузса, зыян келтирилген популяциянын ар бир ушундай түрү үчүн - 20 000;
  2. Кыргыз Республикасында аялуу локалдуу эндемика же кайталангыс реликт болуп саналган омурткасыздардын, амфибиялардын жана рептилиялардын түрлөрү байырлаган локалдуу чөйрөнү бузгандыгы үчүн зыян келтирилген популяциянын ар бир ушундай түрү үчүн - 10 000;
  3. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жер бетиндеги омурткасыздардын уяларынан мыйзамсыз алынган ар бир жумуртка же жок кылынган ургаачысынын ар бир эмбриону үчүн - жаныбардын ушул түрү үчүн доонун өлчөмүнүн 50 пайызы;
  4. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген канаттуулардын түрлөрүнүн уясынан алынган ар бир жумуртка үчүн - 200;
  5. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген жапайы куштардын уяларын, ийиндерди, үңкүрлөрдү (карышкырдыкынан жана чөөнүкүнөн башкасын) жок кылганы, талкалаганы үчүн - 2000;
  6. Кумурсканын уюгун жок кылгандыгы же бузгандыгы үчүн - 2000;
  7. Жаныбарлар үчүн акырларды жана шор топурактуу жерлерди, такталарды, аншлагдарды, аңчылардын жер тамдарын, жерлерде орнотулган таанытуучу жана башка белгилерди бузганы жана жок кылганы үчүн ушул курулмалардын наркынын он эсе өлчөмүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(33)
17.11.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң жакшы
17.11.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумурска ))))))))
17.11.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи тизмеде улар - 14000, бешинчи тизмеде 2000 деп турат го.
17.11.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коррупцияга жол ачылдыбы же закон кучуно кирдиби. Баардыгы закондуу турдо болсо абдан еле сонун болмок....
padysha түзөттү 2016-11-17 14:56:56
17.11.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
padysha,
17.11.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Адамдарга деле чон суммада 1000000 млн доллар штраф кылса адам олтуруу азаят беле.
17.11.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошондо бир кумурсканы байкабай басып алып олтуруп алсак штраф салабы окмот.Боло турган нерсени кылышса биздин ....минерлер.
17.11.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.k,акылына береке )))алар сага караганда бир аз акылдуурак болуш керек кытайский кафеге кумурска керек болсо бузушабы
17.11.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эшиктин алдындагы кумурскаларды жогото албай даары койгом жазда,эмки жазда кантем))
17.11.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
fanatka19,дары койсон штраф толоп камаласын,эми жем берип кобойт
17.11.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушул жаныбарлардын баары барбы бизде
17.11.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Күлбөгөнгө арга жок!!!)))))))
17.11.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кумурсканын уюгун бузган чоң күнөө.
17.11.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кээ бир канаттуулардын атын эми угуп жатам. Сактайлы. Бара бара жок болуп кетпесин.
17.11.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кумурсканын уюгунун саны санжетпес го аны кайсы камера менен козомолдошот??элдер поляда эле трактор менен жер айдаганда коп эле бузулат ушун жон эое койушса болмок...
17.11.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эшек сойгонго канча штраф???
17.11.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көлдө туристтерге сүрөткө түшкөнү жолдо тизилген куштардын ээсине айып пул болобу? же алар пулун төлөп коюп, андан бизнес кыла береби?
17.11.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пфффф болбогон нерсе менин таанышым бар бир белгилуу жайлоону егерь болуп иштейт. Бирок форель балыктарлы кармаганга штраф деп салат салык бирок озу жыргааап кармап журот . Бул коррупцияга жол ачуу.анан коро егерлерди кармагыла.
17.11.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Макул буларды кокус кармап же олтуруп алсак ким коруп отуруптур?! Алайда кийиктин этин укмуш эле жешет го айрыкча кышта. Чон ректорго даже окууну бутургон агайынан бери сурайт кекилик ,кийик барбы алып келсен дешет
17.11.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жаныбарларды Россия жергесинде олтурсон барбы 1 саатка жетпейй кармайтго
17.11.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кополок кармап ойнойм деп жаш бардар 100 мин сомго штраф албаса эми кашайтып
17.11.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдарга барып мергендерди кармап жазалоо керек . Аларга карышкыр атсын деп автомат берсе кийик атып жыргаштыго .
17.11.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтындарым, эшектерди да кызыл китепке киргизгилечи, кундон кунго азайып бара жатат
17.11.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чымынгада олтургондоргода салып койгула))
17.11.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыктан форель(кызыл чаар балык) кызыл китепте болчу эле го? Ал жок болсо боло берсинби? Балыктарды да ойлошсо болмок!!! (Менин оюм)
17.11.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам олтургонду кармай албайсынарго кумурска бул жакта турсун
17.11.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшектиң жаны жокпу ошондо??? Кандай кылып кордошуп атат байкуштарды, көңүл бурган эч ким жок.
17.11.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларго эчтеке дегиле эгер тоок союп жегиң келсе эмне кылабыз же сотк арыз жазабызбы
17.11.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогорку кенеште иштебегендерге да штаф салса жакшы болмок эле.
18.11.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшетин терисин 8000минге алат деп бекер акча таап атышат жаш балдар негизи кылат мындайды,студент же мектеп окуучулары эле кылып жатышат чоон киши кылса уят го...
18.11.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба бекерчинин ишиби бул,отуруп отуруп жазып койгонго,таак сен не кополок олтурдум дейсинби,эми ака тааныш билиш кылып куругунан чонтокко салып коюн ,кагаз толтурбай эле коелу ,на себе еще коррупция
18.11.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ле калды ле. Биринчи башкасын эптегилечи ушуну коюп минерлер!
19.11.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуктуурок кылып жазсанар, 2 жолу Улар жазылып калыптыр: Канаттуулар: 11- Улар-----14000 сом.
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбегендерде: 24- Улар-------2000 сом
Менимче биринчи баа жогору жакта таанышы жоктор учун, эгер кармалып калса 14000 толойт. Ылдыйкысы таанышы барларга, кармалды 2000 сом берет кутулат.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: