super.kg logo

Айпери Кубик кызы 2 килограммдай болуп төрөлсө, Кенже Дүйшеева 9 айында баскан

 

Бүгүн, 17-ноябрь - Ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн Кыргыз жергесинде быйыл 2-жолу гана белгиленип жатат. Кыргыз жергесинде бир жылда 8 миңдей бала ара төрөлөт. Ар бир наристе төрөлгөн соң бардык тирүү жандардай жашоо үчүн күрөшөт, бирок ара төрөлгөн балдардын аракети күчтүүрөөк болот. Мындан улам алар өзгөчө тың, жашоого жөндөмдүү болушат деп айтылып келет. Буга мисал катары Марк Твен, Альберт Эйнштейн, Дмитрий Менделеев, Антонио Вивальди, Наполеон Бонапарт, Александр Пушкин сыяктуу чыгаан адамдарды айтсак болот. Ал эми орусиялык жылдыздар арасында Жанна Фриске жана Иван Ургант ара төрөлгөндөрдүн катарын толукташса, кыргыз жылдыздарынан Кенже Дүйшеева жана Айпери Кубик кызы маалынан эрте төрөлгөн.

Айпери Кубик кызына байланышканыбызда ал бүгүнкү күн тууралуу бизден укканын, өзүнүн бул дүйнөгө эрте келгендигинин себеби апасынын ошол кездеги түйшүгүнөн улам болгонун айтат.

"1991-жылы апам 19 жашта болуп, окуп да, иштеп да жүрүптүр. Андан сырткары ал жылдары кыйынчылыктар болуп жатпады беле... Бир күнү жумушуна текшерүү келгенде апам катуу сарсанаа болуптур, анан ошол күнү мени төрөп койгон экен. Мен 7 айлык болуп, 2 килограмм 100 грамм салмакта төрөлүптүрмүн. Доктурлар жашап кетериме көзү жетпей, бир айдай вакуумга жаткырышыптыр", - дейт ырчы.

Ырчы "эгер өз убагында, тагыраагы, 9 айлык болуп төрөлсөм, арык болбойт элем" деп ойлойт. Мисал катары инисин, сиңдисин айтып өттү.

"Көбүнөн өз убагынан эрте төрөлгөндөр тырышчаак, чыйрак, күйүмдүү болушат деп угам. Менин да өжөрлүгүмдү ушуга байланыштырышат", - дейт Айпери Кубик кызы.

Ал эми ырчы Кенже Дүйшееваны бизге чейин улуу агасы телефон чалып тамашалап куттуктаптыр. Ал 11 бир туугандын 8-си. Ырчы төрөлгөндө канча салмакта болгонун билбегенин, апасы аны үйдөн эле төрөгөнүн, атасы киндигин кескен соң гана төрөт үйүнө барганын айтты.

"Ал кезде үйдүн түйшүгү көп, 7 баланы багып, оокаттан кыйналгандан улам мени төрөп койгон окшойт. Мени "куурчактай болгонуңдан бирөөгө көргөзгөндөн уялчумун" деп айтып калат апам. Кыргыз элинин ырымдарына ылайык, мени тумакка салып уктатып, ата-энемдин кийимине ороп торолтушуптур. Эрте төрөлсөм да, эрте торолуп, туугандарымдын арасынан баарынан эрте басып, эрте сүйлөгөн мен болуптурмун", - деп күлдү Дүйшеева.

Кенже Дүйшеева да ара төрөлгөндөр тың болушарына ишенет жана бири-бири менен бат тил табышат деп эсептейт. Себеби, ырчынын айтымында, аны менен жакшы мамиле түзүп кеткендердин көбү 7 айлык болуп төрөлгөндөр. Ал эми Дүйшееванын эрте басып кеткенин апасы минтип айтып берген: "9 айлык кезиңде малды айдайын деп, жерге отургузуп баратсам, аркамдан чыбык көтөрүп алып там-туң басып келе жатыптырсың. Көрөр замат "Качан жыгылат?.." деп чочуп, чуркап барып көтөрө калдым. Эл көрбөсүн, көрсө көз тиет деп эки жагымды карайм, эч ким жок. Кайра жерге койсом, кайра басып кеттиң. Атаң келгенде ага көрсөтсөм, ал дагы чочуп, жыгылат деп коркуп көтөрө калган".

"9 айлык болгонумда кандай болмок экенимди билбейм. Балким, боюм узунураак болмок, себеби туугандарымдан боюм кыска, бирок акыл жагынан алдыдамын. Туугандарым "7 айлык кылып эле төрөш керек экен" деп тамашалап калышат. Ата-энеме ушул дүйнөгө алып келип, татыктуу тарбия бергендерине ыраазымын", - дейт ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(13)
17.11.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кумондор Абылов да жети айлык болуш керек
18.11.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин апам, инимда 7 айлык торолушкон. Чындыгында чыйрак болушат
18.11.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Укпаган екем ушул кунду.Менин баламда ара торолгон билгенимде.баламын куну менен куттуктамакмын.
shankol88 түзөттү 2016-11-18 01:56:06
18.11.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах омур берсе жашап кетет да.мисаалы менин кошунамдын кызы 8 айлык.чуркап эле ойноп журот 4ко чыгайн деп калды
18.11.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айта кетейин мен озум дагы 7 айлыкмын.мени болсо калпака салышкан экен.92мин.айперинин жердеши.базар коргондон.кубик аяш атам эээч ооз ачпадылего ал жонундо
18.11.2016. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе-хе менин уулумдун майрамы экен да бугун...
18.11.2016. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен да 7 айлык төрөлгөн экенмин, күйөөм жумуштан келгенде эмнеге мени куттуктабайсың деп тамашалашып күлдүк...
18.11.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muhsina,келесоосунго даана))))
18.11.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин уулумда 7 айлык торолгон. 1кг 400гр эле торолгон . Азыр 1класс.
18.11.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен экинчи уулум Ибрагимди 8 айлык торогом, чынында ото акылдуу. Дарыгерлер абдан тан калган 34-жумада торолгон бала деп. Омуру узун болсун ылайым.
18.11.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кошунабыз азыр 9-класста окуса керек кызы тууганыбызда болот жети айлык торолгон. Бирге толо элегинде басып кеткен. Тилида эрте чыгып атын ким десе Палома деген сериял болот эле Палома дейт эле. Мен дагы деле Палома дейм аны. Апам мите деп койот уйдун ишин биз эжем экообуз бир кун кечке кылган ишти эки саата бутурот. Бардык жака жетишет. Тан калам кече эле жарым жан кыз эле деп. Чын эле жети айлыктар кыйын болот окшойт.
21.11.2016. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым да жети айлык....майрамын билбеген экем да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: