Бишкекте үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталып, үй ээси колунан күйүк алды
Бишкекте үйлөрдүн биринде катталган өрт кырсыгында аял колунан күйүк алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан турак жайдын конок бөлмөсүндө өрт чыгып, 1 видеокамера, 1 сыналгы, 3 компьютер, 3 ноутбук, 2 диван, 1 стол күйүп кеткен. Ошондой эле К.Б. аттуу аял колунан күйүк алып, "Тез жардам" кызматы тарабынан №4-ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.