super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: Белгилүү америкалык актёр, сценарист жана продюсер Оуэн Уилсон 48 жашка толду

 

Бүгүн, 18-ноябрда америкалык актёр Оуэн Уилсон 48 жашка толду. Ал 1968-жылы АКШнын Техас штатынын Даллас шаарында төрөлгөн.

Уилсондун киного болгон биринчи кадамы өзгөчө ажиотаж жараткан эмес. Карьерасынын өсүшүнө актёр Бен Стиллер менен болгон жолугушуусу түрткү болгон. Ал Оуэнди өзүнүн бардык долбоорлоруна чакыра баштаган ("Үлгүлүү эркек", "Ата-эне менен таанышуу", "Укмуш түгөйлөр: Старски жана Хатч", "Музейдеги түн"). Актёр ошондой эле "Армагеддон" сыяктуу блокбастерлерде экинчи даражадагы ролдорду жараткан.

2000-жылдары ал атактуулукка жетишип, "Шанхайдагы чак түш" аттуу комедиялык вестернде актёр Жеки Чандын шеригин аткарган. Бул тасмадан кийин уландысы - "Шанхайлык баатырлар" комедиясы тартылган.

2001-жылы "Тененбаум үй-бүлөсү" тасмасы үчүн "Оскарга" талапкер болгон. 2005-жылы "Чакырылбаган коноктор" аттуу тасмага тартылып, Голливуддагы жогорку лигадагы актёрлордун тизмесине кошулган. 2006-жылы "Ал, мен жана анын достору" тасмасына тартылып, "Кол арабалар" мультфильминдеги каармандардын биринин үнүн коштогон.

О.Уилсон Голливудда импровизатордук таланты менен да таанымал. Ал тартылган тасмаларда айтылган күлкүлүү сүйлөмдөрдү өзү ойлоп тапкан. Актёрдун айтымында, тасмада роль жаратканга караганда сценарий жазганды көбүрөөк жакшы көрөт.

18-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: