Чүй облусунда тоноочулукка шектелген жаран кармалды
Чүй облусунда тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрда милицияга арыз менен 27 жаштагы М.Ж. аттуу Винсовхоз айылынын тургуну кайрылган. Анда ал саат 17:30 чамасында Назар аттуу чала таанышы анын үйүнүн короосуна кирип, гараждын кулпусун талкалап киргенге аракеттенгенин билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы А.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.