Өлкөдө бодо малды паспорттоштуруу иши башталды
Кыргыз жеринде малды паспорттоштуруу иши башталды. Бүгүн, 18-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунан старт алган иш-чарага катышкан биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2013-жылы республика боюнча малды идентификациялоо боюнча мыйзам кабыл алынганын, бул долбоорго бюджеттен быйыл 40 миллион сом бөлүнгөнүн айтты. Долбоордун алкагында республика боюнча 3 миңге жакын ветеринар адистери атайын окуу курстарынан өтүшөт. Алдыдагы 3 жыл аралыгында өлкө боюнча бардык коммерциялык багыттагы мал толугу менен идентификациядан өтөт. Андан кийин майда мал жандыктарын идентификациялоо иштери башталары айтылды.
Мыйзамга ылайык, бул иш 2 жыл мурун башталышы керек эле. Бодо малга 2014-жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1-октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү жагы каралган.


Менин жеке ойумча Кыргызстанда мынданда зарыл иштер кутуп турат:чегаралар,айлык акылар,айылда 1500 сомго бир ай иштешет,жолдорду ондоо,таза суу мн камсыз кылуу,оору каналарда места жок дарылана тургандарга,окуучуларга китептер толлук жетишпейт,иштер толтура,а карыз болсо артынан куюлуп турган убакта малга пастпорт ал учун 40 миллион сом болунду дейт..Байкуш Кыргызстан,байкуш кыргыз Элим...