super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-НОЯБРЬ: 38 жыл мурун Түштүк Америкада диний агымдын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышып, 911 киши каза болгон

 
Мындан 38 жыл мурун Түштүк Америкадагы “Элдер храмы” сектасынын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышып, 911 киши каза болгон.
"Элдер храмы" - жаңы диний агым же диний тоталитардык секта. Бул секта Жеймс Уорен жана Жим Жонсон аттуу адамдар тарабынан 1955-жылы АКШдагы Индианаполис шаарында түзүлгөн. Башында бул диний агымга материалдык жактан кыйналгандар, кары адамдар, сойкулар, үйсүздөр, баңгизатын колдонгондор киришкен. Убакыт өткөн сайын бул диний агымга киргендердин саны көбөйүп, алардын туугандары "адамдарды зомбиге айлантып жатышат" деген доомат менен сотко кайрылышкан. Ошондон улам Жим Жонсон АКШдан чыгып кеткен. 1974-жылы Жонсон Гайанадан жер алып, Жонстаун аталышындагы өзүнүн диний агымынын өкүлдөрүнө турак жай ачат. 1977-жылы Жим 900 адам менен Жонстаунга көчүп келет. Тургундар күнүнө 11 сааттан иштеп, аталган аймакка бала бакча жана клуб курушкан.
1978-жылы 17-ноябрда АКШнын конгрессмени Лео Райан диний агымды кабыл алгандардын бир туугандары менен биргеликте Жонстаунга келет. Алар менен кошо 16 адам кетүүнү каалайт. Аэропорттон уча турган болушканда, белгисиз адамдар тарабынан аларга ок чыгарылып, 5 адам каза табат, алардын ичинде Лео Райан дагы болгон. Бул кырсыкты уккан Жим Жонсон чогулуш өткөрүп, алардын жашоосу мындан ары мурдагыдай болбойт экенин, өлүмдөн башка жол жок экенин айтат. Анын буйругу менен шарап ууландырылып, кичинекей балдардан баштап ичишип, сектанын мүчөлөрү массалык түрдө өз жанына кол салышкан. Ал эми Ж.Жонсон өзүн өзү атып өлтүргөн. Гайанада баш-аягы 911 киши каза болгон.
18-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: