ЖЫЛНААМА, 19-НОЯБРЬ: Мындан 2 жыл мурун Кылычбек Султанов Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган
Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кылычбек Султанов Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 2016-жылдын мартында парламенттин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитети Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу элчинин отчётун угуп, депутаттар отчётко жогору баа беришкен.
Кылычбек Султанов 2016-жылдын августунда Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине макул эместигин билдирип, кызматтан кетүүгө арыз жазган. Элчинин арызына президент 18-августта кол койду.
19-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

