Каракол-Эңилчек жолунун 38-92-чакырымы убактылуу жабылды
Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 38-чакырымынан баштап 92-чакырымына чейинки бөлүгү жабылды. Бул тууралуу 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Аймактагы Жол тейлөө ишканасынын маалыматы боюнча, аталган тилкеде кар катуу жаап жана бороон болуп жаткандыктан, жолду тазалоо кооптуу болууда. Ошол себептен аталган тилке убактылуу жабылды. Азыркы учурда жолдо калган техникалар, жабыркаган адамдар жок. Жолду 1 бульдозер, 1 грейдер тазалап жаткан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.