Кара-Кулжа районунун Казык жайлоосунда 3 чабан 800 кою менен калды
Кара-Кулжа районунун Казык жайлоосунда 3 чабан 800 кою менен калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Терек айылынын тургуну 20-ноябрь күнү жардам сурап кайрылган. Анда ал Казык жайлоосунда 3 чабан 800 кою менен карда калганын билдирген. Ал жакта уюлдук байланыш жок болгондуктан, тактоо иштеринде кыйынчылык жаралган.
“Мындан улам Казык жайлоосуна барып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар жүк ташуучу КамАЗ унаасына 1 даана кардуу жерде жүрүүчү унаа жана 1 даана жол тандабас жүктөп, саат 15:30да чыгып кетишкен”, - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
baiyshvip

21.11.2016. 10:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оо Кокуй кудай колдоп эсен аман оз айылына келип алышсын МЧСниктерге ийгилик!!!
aseras

21.11.2016. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эсен аман келип алсын
anar8672

21.11.2016. 12:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оба эсен аман болушсун кайда болсо да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.