КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Ош-Бишкек жолунда" тасмасын тартуу учурунда Оштун эли-жерин аябай жакшы көрүп калдык" дейт режиссёр




Бүгүн, 21-ноябрда "Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү "Ош-Бишкек жолунда" комедиялык тасмасы менен толукталды. Тасманын режиссёру - Ырыс Жоомартова, продюсери - Алымкан Таштанбекова. Анда актёр-актрисалар Адинай Кемелова, Бакыт Жанузаков роль жаратышкан.
Ырыс Жоомартова тасма тартуу учурунда чыгармачыл топ Оштун элин меймандостугу, камкордугу, ар дайым жардам бергендигине абдан ыраазы болуп, жакшы көрүп калганын айтат.
"Тасманын 80 пайызы Ош жергесинде тартылды. Аталган облустагы тамак-аштын арзандыгы, даамдуулугу, элинин меймандостугу кубантып жатты. Тасма тартуу учурунда чыгармачыл топ Ошту аябай жакшы көрүп калды. Тамак-аштын арзандыгынан үйдөн тамак ичпей, көчөдөн ичип жаттык.
Тартуу иштери кызыктуу болду. Башкы каармандар орус чалыш болгондуктан, аларга кыргызча тексттерди жаттоо кыйынчылык жаратып жатты. Тасма 2 айдан ашуун убакытта тартылып бүттү. Ош мамлекеттик университетинин ректоруна, Кыргыз драма театрына колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - деди Ы.Жоомартова.
Тасмада шаардык кыз Ошко таенесинин үйүнө конокко жөнөйт. Ал Ош-Бишкек жолунда сүйүүсүн жолуктурат, бирок жигиттин ата-энеси башка кызга сөйкө салып, кудалашып койгон болот. Тасмада ушул окуянын айланасында түшүнбөстүктөр жаралат.
"Ош-Бишкек жолунда" тасмасын бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
adyl.xxxxx

21.11.2016. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орус чалыш)) күйбөгөн жериң күл болот.
lolo.1

21.11.2016. 12:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садагам Оштой жеримден!
stimyl.kg

21.11.2016. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жакшы коруп калдык дегенин кандай тушунсо болот? Эмне ушул кезге чейин жаман коруп келдинер беле? Элдин ансезиминде тундук туштук жэ Оштук деген болунуучулук аябай бекем орун алганда.
meni_kut

21.11.2016. 12:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мен да Бишкектен болом.Ошко келгенбиз.Бишкектегидей криминал жула качмай жок,эли ыймандуу боорукер,главное ыйман бар экен.
ekaterinburg

21.11.2016. 13:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз жери соп-сонун,кыйласынан Ош сонун!
Medina87

21.11.2016. 14:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мин жерден тундук-туштук болуп болунгон кундо да Кыргыз элим меймандостугу, кенпейилдуулугу, берешендилуугу менен данктуу!
Nur1k

21.11.2016. 16:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Как будто башка мамлекетти башка элдерди айткандай эле айтыптырго чиркин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.