super.kg logo

Бишкектин көчөлөрүн муз каптап, Ак үйдүн короосунда сынган дарактар алынбай жатат (фото)

 
Ак үйдүн короосунда күндүз жанып турган жарык
Ак үйдүн короосундагы бутагы сынган дарак
"Ала-Тоо" аянтына кол менен кум чачып жаткан жумушчу
Эки күн бою кар күрөп чарчаган жумушчунун күрөгү
Жылгаяктан абайлап бараткан жашоочулар
Өмүргө коркунуч жараткан эс алуу багы
Короосундагы карды жолго алып чыгып жаткан тургун
Жолго кулап калуу коркунучунда турган арча
Эки күн мурда кулаган дарак алынбай жатат.
Студенттер муз каптаган тротуарды тазалашты.
Кулаган дарактарды иретке келтирип жаткан жумушчу

Бишкек шаарында унаа жолдор, жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар тазаланбай, муз каптап жатат. Жашоочулар тротуарлардагы жылгаяктан басуудан кооптонушса, айдоочуларда да ошол эле көрүнүш. Бишкек шаардык "Тазалык" ишканасы борбордук көчөлөргө тонналган туз, кумдарды чачканы менен, башка көчөлөр тайгак бойдон калууда. Ал эми туз жана кум чачылган жолдордогу кар эрип, эриген кар атайын техникалар менен тазаланбай жатса, айрым туз, кум себилген жолдордо кар толугу менен эрип кеткен эмес, бул айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатат.

Мындан сырткары калың кардан улам жол боюндагы жана эс алуу бактарында жүздөгөн дарактар кулаган болсо, кулап калуу коркунучунда турган дарактар да арбын экени көрүнүп турат. Алардын айрымдарынын унаа жолдоруна түшүү коркунучу бар. Ал эми Ак үйдүн короосунда да шаардагыдай баш аламан абал. Сынып, тосмого илинген дарак алынбай жатса, ошол эле тосмодо түнү бою жанган жарык күндүзгү саат 11:00 чамасында да өчпөй турганын көрүүгө болот.

Тротуардагы тайгалакта басуу кооптуу болгондуктан, кээ бир жогорку окуу жайдын студенттери тыныгууда муздарды тазалап жүрүшөт. Ошол эле учурда ар бир ишкана, тургундар өз короосун тазалап, иретке келтирүү аракетин көрүп жатышса, айрымдары короодогу карды араба менен унаа жолдун боюна алып чыгып таштоодо.

Эске салсак, Бишкек шаардык мэрия буга чейин жолдорго 495 тонна кум, 37 тонна туз чачылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
21.11.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бишкек мэрия башчысы ажобуздун жакыны СДПКнын адамы эмеспи,ошондуктан ага баарибир тазаланабы жокпу. Карапиар менен алектенишпей ушак куушпай борборубузду иретке келтирип жашоочуларына ынгайлуу мумкундукторду тузушсо боло байболгурлар. Уят эле шаар эмес эле тээ алыскы айылдан айрасы жок болуп калыптыр. Байкуш жол тазалаган жумушчуларды айаясын кол менен болсо да тазалашып жатышат.
stimyl.kg түзөттү 2016-11-21 16:49:53
22.11.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйдун алдында ушул корунуш болсо анда башка жерлерди соз кылып кереги деле жок.
22.11.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бетим иийй бетим ий бетим буларын ак уйдун алдын акыркы жолу жазда корсо керек арт жагынанан кирип чыгып жатса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: