super.kg logo
  Саясат  

Кароосуз калган сейил бактарды көрктөндүрүп, жашылдандыруу үчүн инвесторлорго 15 жылга алып иштетүүгө шарт түзүлмөкчү

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Демилгечи депутаттар - Мирлан Бакиров, Алмасбек Акматов, Сайдулла Нышанов.

Маалыматка ылайык, республика боюнча 535 сейил бак бар. Алардын 10 пайызы гана ижарага берилген. Калганы ижарага берилбей, өзүн өзү актабай келет. Натыйжада сейил бактардын аймактары жакшы каралбай калган. Андыктан каралбай жаткан сейил бактарды көрктөндүрүп, жашылдандырып, аттракцион куруп иштетүү үчүн ишкерлерге 15 жылга берүүгө шарт түзүү зарылдыгы жаралган.

Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу "эс алуу жана маданий парктардын жер тилкесинин инвестициялык ижарасы" деген түшүнүк киргизилип, сейил бактарга капиталдык курулуш куруу жана ижарага берилиши мүмкүн эместиги белгиленген. Балдар ойноп, көңүл ачуучу, спорттук жеңил курулмаларды куруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга 15 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык, сынактык ижарага берүү мүмкүндүгү сунушталган. Ошону менен катар сейил бактын 70 пайызын жашыл бак-дарактар ээлеши шарт. 25 пайызына ар кандай аттракциондорду курууга уруксат берилип, 5 пайызы жол тарамдарына берилмекчи.

Мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, парламенттин жалпы кароосуна жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: