super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 21-НОЯБРЬ: 1813-жылы Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер Орусияга жөнөтүлгөн

 

1813-жылы 21-ноябрда бугу уруусунун бийлери Ысык-Көл өрөөнүнөн Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилерди Орусияга жөнөтүшкөн. Алар 1814-жылы 5-январда Семипалатинск чебине жетишкен. Элчилер андан ары Тобольск шаарына барып, орустар менен соода байланышын түзүүнү жана кыргыздардын жери аркылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүнү каалап жатканын Батыш Сибирдин генерал-губернаторуна оозеки билдиришкен. Ошондой эле элчилер губернатордон аларды Санкт-Петербургга падыша менен жолугушууга жөнөтүүсүн өтүнүшкөн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилерге "орус аскеринин капитаны" чини берилген. Алар Кыргыз жергесине 1815-жылы кайтып келишкен.

21-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: