Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган жылкычы: “Чыгасың дегенде башында ишенбей жаткам, качан кыргыз чек арачыларын көргөндө сүйүндүм"



Аксы районунун тургуну Акылбек Боронбаев 21-октябрь күнү Сөгөт-Сай тилкеси аркылуу коңшу Өзбекстандын аймагына кирип кеткен жылкыларын айдап чыгам деп өзбек чек арачыларына кармалып калган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргыз өлкөсүнүн жараны 24 баш жылкысы менен чогуу 19-ноябрь күнү кайтарылып берилди.
Дээрлик бир айга жакын убакыт өзбек чек арачылары тарабынан кармалып турган жаран буларга токтолду: “Ошол күнү жылкыларым Өзбекстандын аймагына 20 метр кирип кетиптир. Аны айдап чыгып жаткан учурда өзбек чек арачылары кармап кетишти. “Чыгасың” дегенде башында ишенбей жаткам, качан кыргыз чек арачыларын көргөндө сүйүндүм. Учурда ден соолугум жакшы”.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
ainura220888

22.11.2016. 00:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болуптур чыгыптыр. Зым тартсанар байаталар. Ошентип элдер азап чекбейт эле. Мал коюн жоготкондор канча.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.