ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: 1808-жылы дүйнөдөгү алгачкы Туризм агенттигин ачкан англиялык ишкер Томас Кук төрөлгөн

Томас Кук азыркы учурда жеке компанияларды гана эмес, бүтүндөй өлкөлөрдү байытып жаткан эң пайдалуу бизнес түрү - туризмди ойлоп тапкан. Ал көптөгөн Европа өлкөлөрүнө баруучу маршруттарды да ачкан. Анын агенттигинин алгачкы америкалык кардарларынын бири белгилүү америкалык жазуучу Марк Твен болгону да маалым.
1871-жылы ишкер уулу Жон Мейсон Кук менен бирге "Thomas Cook & Son" компаниясын негиздеген. Томас Кук жана уулу дүйнөдө биринчи болуп жумуш боюнча эмес, эс алуу үчүн гана бүтүндөй жер жүзүн кыдырып чыгуу саякатын уюштурган. Бул саякат "Квакер Сити" кемесинде 222 күнгө созулган.
1878-жылы Индиянын графы Дафферин Томас Кукка Индиядагы мусулмандар үчүн касиеттүү Меккеге бара турган маршрутту иштеп чыгуу тапшырмасын берип, бул ийгиликтүү ишке ашырылган. Томас Кук туризмди ойлоп таап, ал негиз салган Туристтик агенттик дүйнө жүзүнө таанылган. 50 жылдан кийин "Thomas Cook Group" фирмасынын 84 бөлүмү, 85 агенттиги пайда болгон жана алардын кызматынан 3 миллиондон ашык адам пайдаланган.
Ишкер 1892-жылы 18-июлда көз жумган.
22-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.