ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: 100 жыл мурун америкалык жазуучу Жек Лондон көз жумган

Жазуучунун бала чагы кысымчылыкта жана жакырчылыкта өткөн. Жазуучулук даражага жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти аркалап көргөн. 11 жашында көчө кыдырып гезит сатса, андан соң балык уулап акча тапкан. Кийин консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада жана кир жуучу жайларда жумушчу болуп иштеген. Матрос болуп Япония менен Арктиканын жээктерине чейин сүзүп барган жана репортёрлук кызматты аткарып, жумушсуз калгандыгы үчүн түрмөгө да түшкөн. Ал туулган үй 1906-жылкы Сан-Франциско зилзаласында күйүп кеткен. Лондон эч кимдин жардамысыз сабатсыздыгын өзү жойгон.
1905-1910-жылдар Жек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Анын көлөм жана идея жагынан зор чыгармалары "Темир бут", "Мартин Иден", "Ак азуу", "Таптардын күрөшү", "Революция", "Үчөөнүн жүрөгү", "Деңиз карышкыры" жана "Чоң үйдүн кичинекей кожойкеси" аттуу эмгектери чет мамлекеттерге тарап, окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланган.
Бул эмгектерде жазуучу негизинен капитализм коомунун чирип, ойрон болуп баратканын, революциянын жакындап калганын жана пролетардык революцияга карата өзүнүн көз карашын жазган. Жек Лондонго чейин Американын адабиятында бул сыяктуу революцияга жана пролетариатты биригүүгө ачык жана чечкиндүү чакырган чыгармалар болгон эмес. Жазуучунун чыгармаларынын негизинде 10дон ашуун тасма тартылган.
22-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.