ТЕСТ: Аялдар базарда, эркектер Тайванда?..
Кыргыз жеринде жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам 2016-жылдын 18-декабрында күчүнө кирет. Ага ылайык, жуптар нике кыйылганга чейин сөзсүз Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнөн каттоодон өтүшү шарт. Эгерде бул талап аткарылбаса, нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер кылмыш жоопкерчилигине тартылмакчы. Мыйзамдын максаттарынын бири - үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөө. Өкүнүчтүүсү, адистер
жылдан-жылга ажырашуулар, үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүп жатканын билдиришүүдө. Үй-бүлө темасы жаатында канчалык маалыматка ээсиз? Тесттен өтүүгө киришиңиз.
№ 1-cуроо

Сүйлөмдөгү көп чекиттин ордуна коюлчу мыскыл сөздү табыңыз. "Аялдар базарда, эркектер ..."



№ 2-cуроо

Кыргыз мамлекетинде "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы" деп кайсы жыл аталган?



№ 3-cуроо

Бишкекте 2012-2013-жылдары жаштардын массалык үйлөнүү тойлорун уюштуруп талкууга алынган экс-министр?



№ 4-cуроо

Кыргызда "кырк жылкылуу болдум" деп кайсы учурда айтат?



№ 5-cуроо

Жаңы баш кошкон жубайларга төмөнкү куттук сөздөрдүн кайсынысы айтылат?



№ 6-cуроо

Кыргыз Республикасында молдо нике кыйганга чейин жубайларды расмий каттоого (ЗАГС) турууга милдеттендире турган мыйзамдын автору ким?



№ 7-cуроо

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде нике курагы канча жаш деп белгиленген?



№ 8-cуроо

Кыргызда "үй-бүлөнүн пайдубалына доо кетирет" деп коомдо талаш жараткан көрүнүш кайсы?



№ 9-cуроо

Бакиевдин бийлиги тушунда көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу демилгесин көтөргөн экс-чиновник ким?



№ 10-cуроо

Кыргыз Республикасында көп аял алуу мыйзамдаштырылганбы?



№ 11-cуроо

Бишкек шаарындагы Бакыт үйүндө соңку 29 жыл ичинде канча түгөй никесин каттоодон өткөргөн?



№ 12-cуроо

Жубайлардын бири ажырашууга макул болбосо, ишти караган сот эмне кылууга укуктуу?



№ 13-cуроо

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы өлкөдө...



№ 14-cуроо

Кыргыз жеринде 5 жылдан бери Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленет. Кайсы датада?



№ 15-cуроо

Үй-бүлө образдуу түрдө кантип сүрөттөлөт?



0/10
00:00
Текшер
Суроолорго жооп бериңиз!
сиздин баллыңыз
0%
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2023-10-05
16:16
2023-08-31
12:15
2023-08-26
10:28
2023-08-23
9:35
2023-03-08
Рейтинг:
0

Даталарды билбейт экенмин