super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Кыргызчаланган "Ламбаданын" клибинин жолу оор болду" дейт ырчы Айпери Сыдыкова

 

Ырчылар Айпери Сыдыкова менен Бегимай Карабаева тойлордо дайыма жаӊырып келген франциялык белгилүү "Каома" тобунун "Ламбада" ырын кыргызча жаздырып чыгышкан. Аталган ырга клип тартуу иштери бир топ түйшүктүү болгонун айтат ырчы Айпери Сыдыкова.

"Ырдын сөзүн Кудрет Тайчабаров жазды, обону "Каома" тобуна таандык. Алгач аранжировкасын, сөзүн жаздырып баштаганда баары жакшы болчу. Клипти тартуу иштери менен кыйынчылыктын баары башталды окшойт. Алсак, массовкага эл келет деген күнү баарын чогултуу кыйын болуп жатты. Же көп суур ийин казбайт, казса кеӊ казбайт болду окшойт. Кыскасын айтканда, түйшүктүү клип болду.

Көп жерин оӊдойлу дегенбиз, бирок клипмейкердин иши көп болуп бошобой калды. Анан Бегимай Ошто болсо, мен бул жакта болуп, экөөбүз да бириге албадык. Клип жогорку деӊгээлде тартылды деп айта албайбыз, албетте, кемчиликтери болду. Бирок болушунча аракет кылдык, эми калганын эл таразалайт", - дейт Сыдыкова.

Айпери Сыдыкова менен Бегимай Карабаеванын "Ламбада" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптепсин да ааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: