super.kg logo

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы: "Окуучуну сабады" делген директордун орун басары кызматынан бошотулду"

 

"Бишкектеги №61-мектептин окуучусун уруп, кир жуучу машина алып берүүнү талап кылды" делген арыз боюнча түзүлгөн комиссия окуучунун сабалганын четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

"Мектепте окуучу бала мугалим тарабынан сабалды" деген иш боюнча 11-ноябрда Билим берүү министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия бүгүн иштин жыйынтыгын чыгарып, баланын сабалбаганын аныктады. Баланын апасы укук коргоо кызматына арыз менен кайрылган. Эми окуянын жүрүшүнө алар укуктук баа беришет", - деп билдирди Мейрманова.

Сауле Мейрманованын маалыматына ылайык, "2-класстын окуучусун сабады" деп айыпталып жаткан Людмила Макарова директордун орун басары кызматынан бошотулган.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Бишкектеги 61-мектептин мугалиминин үстүнөн 2-класстын окуучуларынын ата-энелеринен арыз түшкөнүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.11.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tuura! biroonun balasyna kol kotorgongo L Makarovanyn ech kandai akysy jok!!!
23.11.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Директорун кошо айдаш керек болчу. Кичине балада эмне куноо? Кайра класска отургузуп билим беруу керек Билим!
abusait түзөттү 2016-11-23 10:11:30
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: