super.kg logo

Үгүт ишине катышкан саясий партиялар, компаниялар, уюмдар, жеке адамдар салык мыйзамдарынын сакталышына карата тыкыр көзөмөлгө алынышат

 

Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан саясий партиялар, компаниялар, уюмдар, жеке адамдар салык мыйзамдарынын сакталышына карата салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 22-ноябрда билдирди.

"Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан саясий партияларды, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган жана партияларга аны өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөн компанияларды жана адамдарды тиешелүү салыктарды өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, шайлоо учурунда дээрлик бардык партиялар үгүтчүлөрдү жана бир катар адистерди жана компанияларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ЖМКга макалалар, роликтер жана башкалар) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат.

Буга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан саясий партиялар, убактылуу жумушчулар-үгүтчүлөр жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери менен шайлоо алдындагы кампаниялардын мезгилинде партиялардын ишине тартылган үгүтчүлөрдүн жана башка адамдардын эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш.

"Үгүттөө учурунда саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ЖМКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү", - деп кошумчалайт аталган кызмат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.11.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негедир бүгүнкү Текебаевдин пресс конференциясы ж-дө маалымат чыкпай атат же бийлик тараптан сигнал б-п атабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: