Патрулдук милиция: "Видеонун сапаты начар болгондуктан, пара алып жаткан кызматкерди аныктоо кыйынга турууда"
Бүгүн, 22-ноябрь күнү эртең менен интернетке Патрулдук милициянын кызматкеринин пара алып жатканы тууралуу видео чыкты. Анда кызматкердин айдоочудан 100 сом алып жатканы көрсөтүлгөн. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, басма сөз катчысы Таалай Бугубаев видеонун сапаты начар болгондуктан, кызматкерди табуу кыйынга туруп жатканын айтты.
“Бул видео мурда тартылса керек. Учурда биздин балдар андай форма кийишпейт. Видеонун сапаты начар жана кызматкердин бети жакшы көрүнбөгөндүктөн, аныктоо кыйынга турууда”, - дейт Бугубаев.
Пара алып жаткан МАИ кызматкери
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-1

прапор, былтыйгааааан семиз болуп турат.
Таппасанар баарын тизгиле мен таап берейин