super.kg logo

Куудул Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү концерти болуп өттү (фото)

 

22-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында куудул Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү концерти өткөрүлдү. Ага маркумдун уулу Санжар Бердибеков, ырчылар Токтобүбү Черикчиева, Гүлнара Кахарова, Динара Акулова жана башкалар, сахналаш достору, күйөрмандары, туугандары келишти.

Алгач куудулдун өмүр баяны баяндалган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң бийчилер чыгып концертти баштап беришти. Концерттин алып баруучусу Ырысбек Жантөрөев Манас Бердибеков тууралуу "ал киши кандай кырдаал болбосун сөз таап кутулуп кеткен адам болчу" деп төмөндөгү тамашаларын айтты:

Бир күнү Манас агайдын үйүнө ууру кирип калат. Бейтааныш бирөөнүн киргенин сезген куудул досу Рахмандын үйүнө качып кетип калыптыр. Түнкү саат үчтө барып ач эле ач деп терезесин такылдатып кирет. "Ай, эмне болду?" деп сураса, "үйгө ууру кирди" дептир. "Эмне келе бердиң? Жүрү анда ууруну кармайлы" десе, "жок, үйдө уурдаганга эч нерсе жок экенинен уялып качып кеттим" дептир.

Бир күнү Манас байке унаасы менен айланып өтчү жолдон айланбай эле бурула койсо, МАИ кызматкери көрүп, тосуп калыптыр.
- Манас байке, сиз ушинтсеңиз башкалар эмне кылат?
- Мен эмне кылдым?
- Айланып өтүшүңүз керек болчу.
- Аябай шашып жаттым эле, башка күнү келип 2-3 жолу айланып кетейинчи, - дептир Манас Бердибеков.

Андан кийин сахнага чыккан ырчы, куудул Борончу Кудайбергенов "Манас Бердибеков аялзаты тууралуу тамашаларды айтканды жакшы көрчү" деп Адам ата менен Обо эне тууралуу тамашаны айтты. "Аялзаты көп сүйлөйт. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, аялзаты күн сайын 35 миң сөз, эркек 10 миң сөз сүйлөйт. А сен жумуштан келгенче аялдын сүйлөө лимити түгөнө элек болот. Ошон үчүн анын сөздөрүн чыдап угуп коюш керек, эгер сүйлөбөсө, анда стресс болот", - деген тамашаны айтып өттү.

Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов "атам Манас Бердибековду жакшы көргөндүктөн, менин атымды Манас коюшкан" деп атасынын "Шорпо" деген тамашалуу ырын аткарды.

Ырчылар Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Динара Акулова Манас Бердибековдун кайталангыс талант экенин айтышып, репертуарындагы өмүр, жашоо, сүйүү тууралуу чыгармаларды аткарышты.






Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү кече өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
23.11.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Очпос танлант!Жаткан жериниз жайлуу болсун!Оомийин.
23.11.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апеей ботом, достор, шакирттери жокко. Кана Рахман, Абдылда, Жамбыл и т
23.11.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
bahbrat,Абдылда менен Рахман Тынар
буларды залга киргизбей жатышат.
Бийлике сын айтышканы учун.
23.11.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эптемей эскеру болуп калыптыр жакшылап даярданса болмок.
23.11.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концертти жакшы уюштурбай коюшуптур ошондуктан чон куудулдар келбей калды аялы эле уюштуруп койгон экен.
SUPER.KG видео
24.11.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Санжар Бердибековдон интервью алгылачы эмне менен алек болуп атты экен. Ону да башкача болуп калыптырго. Дин жолуна тушуп кеттиби?
SUPER.KG видео
24.11.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас Бердибековдун аялына абдан ыраазы болдум азаматсыз кудайым сизге узун омур берсин балдарыныздын убайын корунуз жалгыз жугуруп кылыптыр,бир туугандары убагында кошо журушкон сахналаш достору Санжар колдоп жакшылап мыкты денгээлде откорсо болмок уят бул киши легенда бул бутпос дастан!!!!жакшылап организовать этишсе болмок жогорку денгээлде келинчеги ушунчалык жалгыз жетишмек беле????
SUPER.KG видео
25.11.2016. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санжар эмне жон эле келип ырдап кетти дейсинерби?! Санжар ошого да жугуруп журду да
Медиа-портал
25.11.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо сидерден сураныч Санжар Бердибековтон интервью алыныздарчы ото эле арыктап кетиптирго
Модератор admin_media түзөттү 2016-11-25 10:35:29
Медиа-портал
25.11.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyl.UM.kg, ainura220888,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды тиешелүү бөлүмдөргө кабарлап коебуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: