super.kg logo

Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында карда калган окуучулар куткарылышты

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында карда калган окуучулар куткарылышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

22-ноябрь күнү эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Жыргалаң айылынын башчысы Талгат Мукабаев кайрылып, окуучулар түшкөн кичи автобус карга тыгылып калганын айткан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, окуучуларды үйлөрүнө жеткиришкен. Ал эми карга тыгылып калган унаалар чыгарылган.

"Унаада жалпы 24 окуучу жана 3 мугалим болгон. Алар Теплоключенка айылына барып, жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабына катышып, Жыргалаң айылына келе жатышкан. Каракол-Шахта унаа жолунун болжол менен 45-48-чакырымында унаа калың карга тыгылып, жолдо калган", - деп билдиришти ӨКМдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: