super.kg logo

Сосновкада эл санитардык талаптарга жооп бербеген сууну ичкенге мажбур болду

 

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтүндө 10 миңге чукул жаран санитардык талаптарга жооп бербеген кир сууну ичип жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сосновка айылын суу менен камсыздаган ишкана тарабынан олуттуу мыйзам бузууларга жол берилген. Мисалы, тоо кыркаларынан келген сууну тазалоодо хлор автоматтык түрдө эмес, колдо кошулары аныкталды. Суу тазалоочу жай ишке берилгенден тарта бир да жолу иштеген эмес. Имараты авариялык абалда, тегереги толук кандуу тосулган эмес, суу түтүктөрү техникалык талаптарга жооп бербейт.

"Стратегиялык маанидеги объект болгону менен, кайтарууга алынган эмес. Аныкталган кемчиликтер боюнча жеринде Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт, протоколдор толтурулуп, учурда материалдар толукталып жатат. Мыйзам бузуулар олуттуу болгондугуна байланыштуу материалдарды укуктук баа берүү максатында Башкы прокуратурага өткөрүп берүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: