super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-НОЯБРЬ: Америкалык актриса жана ырчы Майли Сайрус 24 жашка толду

 
Майли Сайрус Арнольд Шварценеггердин уулу Патрик Шварценеггер менен
Майли Сайрус бала чагында

Америкалык актриса, ырчы Майли Сайрус (толук аты-жөнү - Дестини Хоуп Сайрус) бүгүн 24 жашка толду. Ал АКШнын Теннесси штатындагы Нашвилл шаарында Билли Рэй жана Тиш Сайрустун үй-бүлөсүндө жарыкка келген.

Майли 2001-жылы үй-бүлөсү менен Торонто шаарына көчүп келген. Анда анын атасы "Доктор" аттуу сериалга тартылып жүргөн эле. Атасынын таасири менен Майли алгач "Чоң балык" аттуу тасмага тартылат. Кийин "Ханна Монтана" аттуу сериалда жараткан негизги каарман Ханна аттуу ырчынын образы 14 жаштагы Майлини дүйнөлүк жылдызга айланткан. Ошондон тарта анын музыкага болгон кызыгуусу артып, ырчылык карьерасын баштайт.

Ырчы денесине 18 даана сүрөт тарттырган. 2006-жылы "Дайым алдыда" аттуу өзүнүн автобиографиялык китебин чыгарган. Ал эми 2013-жылы АКШдагы "Maxim" журналынын сурамжылоосу боюнча "Планетадагы эң сексуалдуу айым" деп табылган. Американын MTV телеканалынын версиясы боюнча "Эң популярдуу поп ырчы-2013" аталган. Ошондой эле 2008-жылы расмий түрдө Дестини атын Майли кылып өзгөрткөн.

2014-жылы актёр Арнольд Шварценеггердин уулу Патрик Шварценеггер менен Майли Сайрус сүйүү мамиледе экендиги аныкталып, эки жаш бир жылга жетпей бири-биринен алыстап кетишкен. Майли Сайрус популярдуулукка жеткен соң чуулгандуу жүрүм-туруму менен коомчулукту таң калтыра баштаган. Айта кетсек, 2015-жылы массалык маалымат каражаттары аны америкалык модель айым Стелла Максвелл менен сүйүү мамиледе деп жазып чыгышкан. Бул маалыматты Майли Сайрус четке какпай, бисексуал экенин билдирген.

23-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: