super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар 5 парламенттик комитеттин төрагаларын шайлашты (тизме)

 
"Кыргызстан" фракциясынан депутат Айтмамат Назаров Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына шайланды.
"Бир бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына шайланды.
КСДП фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекова Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымдыгына шайланды.
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына Таабалды Тиллаев ("Республика-Ата Журт") шайланды.
Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт") шайланды.

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин 5 комитетинин төрагаларын жашыруун добуш берүү аркылуу шайлоо өттү. Жыйынтыгында төмөнкү талапкерлер жеңишке жетиштүү добуш топтошту:

1) Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына Таабалды Тиллаев ("Республика-Ата Журт") 73 добуш топтоп шайланды, анын атаандашы Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") 40 добушка ээ болду.

2) Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт") 68 добуш топтоп шайланды, анын атаандашы Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс") 51 добуш алды.

3) Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымдыгына Гүлкан Молдобекова (КСДП) 98 "макул", 22 "каршы" добуш топтоду.

4) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Айтмамат Назаров ("Кыргызстан") 98 "макул", 22 "каршы" добуш топтоду.

5) Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына Аскарбек Шадиев ("Бир бол") 96 "макул", 24 "каршы" добуш топтоду.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин жалпысынан 9 комитети бар. Калган 4 комитеттин төрагалары өз ордуларында калышты. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев (КСДП); Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы Марат Аманкулов (КСДП); Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова (КСДП); Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев ("Кыргызстан").






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: