super.kg logo

Кочкор районунун 2 айылынын мугалимдеринин айлыгы кыскара турганы айтылууда

 

Кочкор районунун 2 айылынын мугалимдеринин айлыгы кыскара турганы айтылып жатканын Арсы айылынын орто мектебинин директору Асипа Жумабаева бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 11-ноябрда кат келген. Ал катта Семиз-Бел жана Арсы айылдары бийик тоолуу аймакка кирбегени маалымдалган. Буга чейин ал айылдардын мугалимдери бийик тоолуу аймакта иштеген жумушчулардай кошумча төлөм алып келишкен.

Бүгүнкү күндө айылдарда мугалимдер жетишпейт. Арсы айылындагы орто мектепте 140 окуучу окуп, 19 мугалим эмгектенет. Мугалимдердин бешөө гана ошол айылдан, калгандары Кочкор районунун башка айылдарынан келип иштешет. Эгер ал мугалимдер бийик тоолуу аймактыкындай айлык акы албай калышса, аларга иштегенден пайда жок экенин айтат Жумабаева.

"Биз катты алганда 3 депутатка, спикерге жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековго, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бул маселени кайра карап берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Министрликтен кайра кароого болбойт экенин билдиришти. Эгер эмгек акы кыскартылса, айлык 5-6 миң сом болуп калат. Алыс жактан келип иштегендерди мындай айлык канааттандырбасы белгилүү", - деди директор.

Бийик тоолуу аймакка деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан аймактар кирет. Жумабаева берген маалымат боюнча, министрликтин маалыматында, Арсы айылы деңиз деңгээлинен 1790 метр бийиктикте жайгашып, бийик тоолуу аймакка кирбей калары белгиленген. Ал эми ушул эле айылдан 4-5 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Тоо айылы деңиз деңгээлинен 1809 метр бийиктикте жайгашканы жазылган.

"Канча метр бийиктикте жайгашканы эсептелип жатканда ката кеткенби билбейм. Буга чейин бийик тоолуу аймакка кирчүбүз. Жаныбыздагы эле Кара-Тоо айылы 1809 метр бийиктикте жайгашканы жазылыптыр. Мынчалык айырма болбош керек эле. Ал айылдан 19 метр төмөн турсак, ойдуңда жайгашкандай болуп жатпайбызбы. Өзүбүздүн райондун геодезия тармагында иштегендерге да кайрылып көрдүк. Тилекке каршы, аларда ченей турган аспаптар жок экен", - деп кошумчалады Асипа Жумабаева.

Ал эми Кочкор районунун Билим берүү башкармалыгынын милдетин аткаруучу Венера Ибраева министрликтен келген кат тууралуу билбегенин айтты.

Белгилей кетсек, бийик тоолуу аймакта иштеген мугалимдер эмгек тажрыйбасына жана иштеген аймагынын бийиктигине жараша кошумча төлөм алышат. Кочкор районунда эгер тажрыйбасы 5-10 жыл болсо, айлык акыга анын 5 пайызы кошулат, 15 жылдан жогору болсо, 30 пайыз кошулат.

Учурда бул маселе Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте каралып жатканы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, ушул жылдын башында да бийик тоолуу шартта жашап жана иштеп жаткан жарандарга төлөнүүчү коэффициенттердин төмөндөшү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кирмекчи болуп, Нарын облусунун тургундары митингге чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
23.11.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мугалимдердин айлыгын кыскартпай өзүңөрдүн айлыгыңарды кыскарткыла ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-11-24 14:24:35
24.11.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Uson13, порталдын эрежелерин сактаңыз!
23.11.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул Кыргыздын бийликтери ак уйдо отургандар качан карапайым элди ойлот экен аа, интернетке кирсен эле жанагы карыз дагы карыз алмай дагы эле жемей урушмай деген создор тойгоздуго аа, акыркы кундору ушул ХХХ ушулардын жанылыкгын уккумда келбей калды, эмне учун дегенде бул ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-11-24 14:25:52
24.11.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aldyiar, этика нормаларын сактаңыз!
23.11.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыркы кундору ойлонуп карызыбыздан качкын келет башка жака, булар карызды толой албай жатып дагы карыз алабыз деп суйлошот акмактаркок мээлер акылынар жок болсо ошол ак уйдон бок жегени отурасынарбы деген суроо келет да ээ бийлик.
Aldyiar түзөттү 2016-11-23 21:22:08
23.11.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дуйного уят болуп буттунорго ээ бийлик ойлонгулачы, силердин афторитет деген жоголду кок мээлер
23.11.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин жазган создорум тууру эмес болсо анда жооп жазгыла мага.
24.11.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aldyiar,Мен сага жооп жазам ошо ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-11-24 14:26:29
24.11.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kurdash, этика нормаларын сактаңыз!
24.11.2016. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эле көйгөй Казарманда дагы бар.Тогуз-Торо районун тогуз жагынан тоо курчап турса дагы,тоолу районго киргизбей келишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: