super.kg logo

"Манас" кинотеатрында “Акбала” аттуу тасманын бет ачары болду

 
Динара Гайбылдаева (солдон экинчи)

Бүгүн, 23-ноябрда баш калаадагы "Манас" кинотеатрында “Акбала” аттуу тасманын бет ачары болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр Бакыт Карагулов, Кинонун отличниги Ишенбай Топчубаев жана Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери чакырылышкан. Айта кетсек, анда Ислам Саид, Нурбол Болотбеков, Сезимбек Кубанычбеков өңдүү таланттар роль жаратышкан.

Тасманын режиссёру Динара Гайбылдаеванын айтымында, бул анын эң биринчи толук метраждуу тасмасы.

“Буга чейин кыска метраждуу тасмаларды тартчумун. Ал эми актёрлорду тандаганда чоң фильмдерге тартыла элек, тажрыйбасы жок балдарды алдым”, - дейт режиссёр.

Тасманы көргөн көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү таасирленип, көздөрүнө жаш алышты.

"Акбала" тасмасы баланы туура тарбиялоого жана ичкилик көйгөйүнө арналган. Анда аялынан ажыраган ата жаңы төрөлгөн наристеси менен жалгыз калып, ичкиликке берилип кетет. Экинчи алган аялы балага эле эмес, кайнатасына да жакшы мамиле жасабайт. Баласынын ичип жүргөнүнө кейиген атанын көзү өтүп кеткенден кийин Акбала өзүн жалгыз сезип жүрүп, жардан боюн таштайт.






Студенттер тарабынан тартылган “Акбала” тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
24.11.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналист кыздын айтуусунда жакшы кино окшойт, коруш керек экен,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: