super.kg logo

Социалдык жөлөк пул ай сайын пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон кары жарандарга берилет (тизме)

 

Учурда өлкөбүздө берилүүчү жөлөк пулдардын эки түрү бар: балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдар. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бүгүн, 23-ноябрда маалымдады.

"Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына төлөнүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн жалпы кирешесин ар бир мүчөсүнө бөлгөндө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган шартта дайындалат. Учурда кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 900 сомду түзөт", - дейт аталган министрликтин басма сөз кызматы.

"Ал эми ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга, тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга төлөнөт. Социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин чектелет", - деп кошумчаланат маалыматта.

Ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пулду төмөнкү адамдар алганга укугу бар:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;
- I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон Баатыр энелер;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон кары жарандар;
- тоолуу жана алыскы райондордо жашаган, пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон кары жарандар;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон томолой жетим балдар;
- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган балдар.

Ошондой эле республикада 59 райондук, шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыктары бар экенин жана жарандар жашаган жери боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн министрлик эске салат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.11.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйунон атасы же апасы чет жакта иштесе балдарына пасобия берилбейт . Муну кандай тушунсо болот?
23.11.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 топтогу ден-соолугунун мумкунчулугу четелген адам канча пенция алат..
23.11.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен РФнын жараны Аллага мин эсе шугур 4 балам бар.РФте жолок пул социалдык абалына карабайт байсынбы жэ кедейсинби же орточо жашайсынбы бир жарым жашка ч-н 8-9мин рубль жолок пул толонот.Андан тышкары эгерде прожиточный минумга айлыгын жетишпесе балана 3 жашка ч-н дагын жолок пул толонот.Боок торолгондо суйунчу пул берилет.Эми ойлоп коргуло РФте 145млн адам жашайт КРнда 6млн анын дагын бир млн адамы чет олколордо журушот ошол жок дегенде 3-4сом мин жолок пул берсе болотко
KGstan1981 түзөттү 2016-11-23 15:52:31
23.11.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кече жакында бир чиновник чыгып суйлодуго айлыгым жуз мин сом аз деп ошого окшогон чиновниктердин айлыгын кыскартыш керек
23.11.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үйүңдө телевизоруң машинаң барбы анда айына 4миң 5миңден берилчү жөлөк пул жок себеби бюджет тартыш,а чиновниктериң 30миң 40миң алды 100 120миң айлык алат, мына адилеттүүлүк.
23.11.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айына бергени 800сом документи тодтура ага кеткен акчан откозуп бер деп дагы акча бересин арбир кол койдурган жерин 50:100сомдон алат.
24.11.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки буту жок гангрена болуп кесилип,мумккнчулугу чектелген инвалид адамды группага чыгаруу учун документтерди топтогону аракет кылсак аябай коп док.чогултуш кк экен...прописка Бишкекте эмес...а группага Бишкектен чыгып жатканбыз...кимде ушундай маселе болгон болсо сураныч жазып коюнуздарчы салыштырацлвк чын эле ушундай док.кетеби Бишкекте тааныш жок эч несе кыла албай отурабыз...ВТЭК азыр МСЭКке да кайрылдык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: