super.kg logo

Улуттук госпиталды оңдоо иштери бүтпөй, бейтаптарга ыңгайсыздык жаралууда

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук госпиталдын жетекчилиги маалымдагандай, Улуттук госпиталь жана жалданма тараптар менен курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү тууралуу келишимге 2015-жылдын 28-августунда кол коюлган, ага ылайык, оңдоо иштери 2015-жылдын 30-ноябрында бүткөрүлүүгө тийиш болгон. Жалданма тараптын жоопкерсиздигине байланыштуу иштер токтотулган. Буга байланыштуу Улуттук госпиталдын бөлүмдөрүндө бейтаптар көп болгондуктан, ыңгайсыздыктар жаралууда.

"Сооронбай Жээнбеков оңдоо иштерин тез арада бүткөрүү керектигин билдирди. Жалданма иштегендер келишимдин шарты боюнча башталган ишти аягына чыгарышы керек. Аны менен катар өкмөт башчы оңдоо иштерин үзгүлтүккө учураткандар мыйзам чегинде жоопкерчилик алышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле премьер-министрге бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аталган келишимдин шартын аткарбаган жалданма топтун ишмердүүлүгү текшерилип жатканы маалымдалды", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга түзүлгөн абалды иликтеп чыгып, дарыланып жаткан бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын курулуш-оңдоо иштерин кыска убакыт аралыгында бүткөрүүнү тапшырганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
24.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттук госпиталдын кайсы эле болумуно кирсен, абдан Эски имарат экени корунуп турат. Чындыгында ремонт, жон эле ремонт эмес эн жакшы, заманбап ремонт бир эле болумуно эмес бардык болумдоруно керек. Палаталары согуш мезгилиндеги казармалардай, эскирген, жыттанган. Байкуш оорулулар Айла жок жатышат. Врачтарды текбер, бой которудуп бирдеменер сурасан жооп да бергиси келбейт. Тааныш досторун болбосо, бул госпиталга барбай эле кой, эшигинин жанында туруп- туруп кете бересин. Бул нерсе баштан отпод
24.11.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныш врачын болбосо, кире албайсын. Ананда эшик тосуп тургандыр "кайсы врачка келдин"-деп сурап турушат,бираз акча берсен киргизип жиберет же оздору мамилеси жакшы врачка киргизишет. Болбосо, барганын Бекер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: